Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Айсулуу Исабекова: "кара тизмеден" ар ким өзүн бекер текшере алат

© Sputnik / Жоомарт УраимовМамлекеттик миграция кызматынын маалымат катчысы Айсулуу Исабек кызы
Мамлекеттик миграция кызматынын маалымат катчысы Айсулуу Исабек кызы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик миграция кызматынын маалымат катчысы Айсулуу Исабек кызы Sputnik Кыргызстан агенттигине Россияга бара жаткандар "кара тизмеде" бар-жогун бекер эле текшерип алууга болорун айтты.
Айсулуу Исабекова: "кара тизмеден" ар ким өзүн бекер текшере алат

Миграция кызматынын расмий сайтында ssm.gov.kg/blacklist Россияга кире турган чет элдик жарандарга чек коюлгандыгын текшерген атайын кызмат ачылды. Анда тыюу салуунун себеби жана анын качан бүтөрү да жазылат. 

"Коммерциялык уюмдар бул маалыматтарды сатып акча жасап жаткан учурлар да бар. Бул акысыз кызмат биздин мекендештерге жардам берет деп ишенебиз", — деп айтты Исабекова.

Ал Россиянын ФСБсынын Чек ара кызматынын маалыматына таянып, 1-октябрга карата аталган өлкөгө кирүүгө тыюу салынган Кыргызстан жарандарынын саны 116 миң 727 экендигин айтты. Ал эми алардын 51 миңине соттун чечими менен чек коюлган. 

"Биз кыргызстандыктарга Россиянын аймагына кирер алдында өздөрүнүн аты-жөнү тыюу салынгандардын тизмесинде бар-жогун текшерип алганы зарыл деп айтар элек. Аталган кызмат Россияга барып алып, чек арадан кире албай, убара болуп кайра кайткан кыргызстандыктар көп болуп кеткендиктен киргизилди", — деди Исабекова. 

Ал эгерде кандайдыр бир суроолор жаралса, 189 телефону менен кайрылуу керектигин айтты. Мындан сырткары, Исабекова Миграция кызматы кыргызстандыктарды дагы беш чет өлкөдө жумушка орноштуруу боюнча иш алып барып жаткандыгын айтып, коопсуздук үчүн ал тарапка мыйзамдуу жол менен барууну сунуштады.

"Кара тизмеге" кирип калганда андан кантип чыгуу керектигин Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан окуңуз>> 

Россиянын ФМКнын «кара тизмесинен» кантип чыгууга болот
Россиянын ФМКнын «кара тизмесинен» кантип чыгууга болот - Sputnik Кыргызстан
Россиянын ФМКнын «кара тизмесинен» кантип чыгууга болот

Жаңылыктар түрмөгү
0