Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кара-Кулжанын акими Алиязов: райондо 9 мектеп менен 5 бала бакча убактылуу жабылды

© Фото / Зульфия ТургуноваКара-Кулжа районунун акими Каныбек Алиязов
Кара-Кулжа районунун акими Каныбек Алиязов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 18-ноябрдан баштап өзгөчө кырдаал жарыяланды.
Кара-Кулжанын акими Алиязов: райондо 9 мектеп менен 5 бала бакча убактылуу жабылды

Кара-Кулжа районунун акими Каныбек Алиязов райондогу абал тууралуу буларды айтып берди.

"Бизге 1,5 метрге чейин кар жаады. Бүгүнкү күндө тогуз мектепте сабак үзгүлтүккө учурап турат. Беш бала бакчанын иши токтоду. Калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. 18-ноябрдан тарта өзгөчө кырдаалдар жарыяланган", — деди.

Кечке чейин калың кар жаап, жарыксыз калган аймактардын баарына электр жарыгы берилерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0