Иса Өмүркулов: айрым фракциялар менен чогуу иштешүүгө мүмкүн болбой калды
"КСДП фракциянын жыйынында көпчүлүк коалициядан чыгуу чечимин кабыл алдык. Кийинки кездеги болгон кырдаалдар ушундай шарт түзүп жатат. Эки фракциянын өкүлдөрү менен иштеше албастыгыбызды жарыялап жатабыз. Биз мамлекетте тынчтык, туруктуулук болсун деп аракет кылдык", — деди Өмүркулов.
Ал ошондой эле учурдагы көпчүлүк бирикме коалиция эмес эле парламенттеги оппозиция менен позиция болуп калганын айтып, анын ичинде жарым оппозиция болсо да ал коалициянын жашоосу кыска болуп каларын кошумчалады.