10:21 05 Бештин айы 2016
Түз эфир
Ата керээзи башкы каарманы Ыйманберди Мукул маалымат жыйынында
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Ыйманберди Мукул: атам Бакыт тасмага баласын тартуудан уялган

Радио
Кыскача шилтеме алуу
"Атанын керээзи" — өмүр, өлүм жана туулган жер жөнүндөгү тасма (24)
17210

"Ата керээзи" тасмасынын режиссеру Бакыт Мукулдун уулу Ыйманберди Мукул башкы каармандын ролун ийине жеткире аткаруу канчалык оор болгонун Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.

Ал буга чейин "Боз салкын" тасмасынын эпизодунда жөн эле чуркап өтүп кеткенин айтып, актердук тажрыйбасы жок экенин белгиледи. 

"Кино тартылууга даярдалып жатканда режиссер Дастан Жапар башкы ролго мени сунуштаган. Бирок атам Бакыт Мукул өз баласын тартып коюптур деген сөз тарайт деп уялып, каршы болгон", — дейт Ыйманберди. 

Кийин кастинг өткөрүлүп татыктуу актер табылбай калгандыктан Дастан Жапар менен Бакыт Мукул Ыйманбердиге токтолушкан. 

"Тасма октябрь айларын чагылдырганы менен январь-декабрда тартылган. Эл тон кийип жүрсө, мен Ысык-Көлгө түшүп бутум тырышып калды", — деди башкы каарман.

Опера жана балет театрында балет артисти болуп эмгектенген Ыйманберди "Ата керээзи" тасмасында атасы менен Америкага кетип, кыргыздын салт-санаасын унуткан Азаттын ролун жараткан. 

Тема:
"Атанын керээзи" — өмүр, өлүм жана туулган жер жөнүндөгү тасма (24)

Тема боюнча

"Ата керээзи" тасмасын "Оскарга" алып баруучу топко АКШ визасы берилбей жатат
Белгилер:
тасма, "Ата керээзи" тасмасы, Бакыт Мукул

ЭҢ МААНИЛҮҮ