Курсан Асанов: эл аралык издөөгө алынган кылмышкерлерди кармап, өлкөгө кайтаруудабыз
Бүгүнкү күндө 2191 кыргыз жараны кылмышка шектүү катары эл аралык издөөдө жүрөт. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов парламентте сүйлөп жатып билдирди.
Аталган маселе ЖКда "Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоору каралып жатканда айтылды.
"Учурда 2191 жаран эл аралык издөөдө жүрөт. Үстүбүздөгү жылдын 9 ай ичинде 228 кылмышкер кармалды. Учурда аларды экстрадициялоо иштери жүрүүдө", — деди Асанов.
Ал эми Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстандын 1946 жараны чет өлкөдө абакта жатат.