Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сейсмолог Абдрахматов: келерки жылдары 4-5 балл зилзалалар болушу мүмкүн

© Фото / предоставлено Канатом АбдрахматовымДиректор Института сейсмологии Национальной академии наук Канат Абдрахматов
Директор Института сейсмологии Национальной академии наук Канат Абдрахматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Келе жаткан 2017-2018-жылдары жердин силкинүүсү көбөйүп, 4-5 баллга жеткен учурлар катталышы мүмкүн, бирок бул катуу зилзаланын белгиси эмес. Мындай пикирди Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун директору Канат Абдрахматов билдирди.
Сейсмолог Абдрахматов: келерки жылдары 4-5 балл зилзалалар болушу мүмкүн

"Буга чейин айтылгандай, 2017-2018-жылдары жер титирөөлөрдүн саны көбөйөт деп күтүп жатабыз. Бул кээ бир жылдары арбып, кээ бир жылдары азая турган жөнөкөй эле көрүнүш. Катуу зилзаланын белгиси эмес. Балким, болбошу деле мүмкүн. 4-5 баллга жеткен учурлар катталышы мүмкүн деген божомолдоолор бар", — деди Абдрахматов.

Сейсмология институтунун маалыматтарына караганда, Алай тоо кыркаларында октябрь айынын ичинде байкала турган деңгээлде, 3 баллдын тегерегинде 4 ирет жер титирөө катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0