Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Чолпон Султанбекова: согуш болбосо эмнеге бизде жоокерлер өлүш керек?

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Кыргызстан" фракциясынын депутаты Чолпон Султанбекованын архивдик сүрөтү
Кыргызстан фракциясынын депутаты Чолпон Султанбекованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маселени "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Чолпон Султанбекова парламентте сүйлөп жатып көтөрдү.
Чолпон Султанбекова: согуш болбосо эмнеге бизде жоокерлер өлүш керек?

Эске сала кетсек, сентябрь айынын башында Ош облусундагы №01525 аскердик бөлүгүндө ефрейтор менен катардагы жоокер мушташып, бирөө каза болгон.

"Сентябрдын башында Ошто бир жоокер мушташтан каза болду. Ата-энеси уулун сабап өлтүргөн дешүүдө. Ушул эле аскердик бөлүктө 71 бир бала өлүптүр. Учурда алардын иши сотто экен. Бизде согуш болбосо эмнеге мынча бала өлүшү керек? Баарыбыз мырзалар аскерге барсын деп жатабыз. Анан кайсыл эне жиберет? Ошон үчүн президент менен өкмөт башчынын ЖКдагы өкүлүнө кайрылып, маселени иликтеп чыгууга чакырат элем", — деди Султанбекова. 

Өз кезегинде вице-спикер Нурбек Алимбеков аталган маселе боюнча териштирүү болорун белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0