Өлкөдөгү мектептердин 80%ы толук китеп менен камсыздалган

© Фото / Алия СамидинКитепканадагы окуучулар. Архив
Китепканадагы окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мектептерде негизинен орус тилиндеги китептер жетишсиз экени белгилүү болду.

БИШКЕК, 21-янв. —Sputnik. Өлкө аймагындагы мектептердин 79,6 пайызы гана китеп менен толук камсыздалган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Зимний спортивный праздник Все на лыжню—2016 - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын мектептери беш күндүк тартипке өтөт
Маалыматка ылайык, билим берүү мекемелеринде негизинен орус тилиндеги китептер тартыш. Алсак, Бишкектеги мектептер кыргыз тилиндеги китептер менен толук камсыздалса, орус тилинде билим алган окуучулар 75,6 пайызга камсыздалган. 

Министрликтин окуу китептери боюнча адиси Чынара Курбанованын айтымында, учурда жаңы бирдиктүү китептер менен камсыздоо иштери жүргүзүлүүдө. 

"Азыр өлкө мектептеринде сабактар төрт тилде жүргүзүлөт. Буга байланыштуу бул мектептерди бирдиктүү адабият менен камсыз кылуу аракеттери жүрүп жатат. Бирок 100 пайыз толук камсыз кылуу мүмкүн болбой жатат. Буга ички миграция менен көпчүлүктү кубандырган ымыркайлардын көп төрөлүшү дагы себеп", — деди Курбанова.

Андан сырткары, китеп жетишсиздигин кандайдыр бир деңгээлде чечүү максаттында lib.kg сайтына мектеп программасындагы электрондук адабияттар ачык колдонууга киргизилген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0