ИИМ: соттолгондугу тууралуу маалымдаманы интернеттен алууга жол ачылды

© Sputnik / Жоомарт УраимовСнимок электронного портала государственных услуг МВД Кыргызстана. Процедура подачи заявления для получения справки о судимости
Снимок электронного портала государственных услуг МВД Кыргызстана. Процедура подачи заявления для получения справки о судимости - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрлик маалымдаманы акчага жана бекер бере алат. Бул документ алуунун мөөнөтүнө жараша болот.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Соттолгондугу тууралуу маалымдама алуу үчүн арыз тапшыруу процедурасы автоматтык системага өткөнүн ИИМ билдирди.

Эми керектүү документти төмөнкүдөй жол менен алууга болот:

  • ИИМдин мамлекеттик кызмат порталына кирүү;
  • "Кызмат көрсөтүү" бөлүмүнө кирип, маалымдама алуунун мөөнөтүн аныктоо: бир күнгө — 230 сом, үч күнгө — 180 сом, 10 күнгө — акысыз;
  • Паспорттогу жеке номерди киргизип, шаарды тандап, телефон номерин жазуу;
  • Эгер акысыз кызмат тандалып алынган болсо система маалымдама берүү күнү, убактысы жазылат. Ал эми кыска мөөнөттө алуу керек болсо, алгач QuickPay терминалы аркылуу акча төлөө зарыл;
  • Көрсөтүлгөн маалда паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен келүү керек.

ИИМдин маалыматы боюнча жакын арада мындай кызмат өлкөнүн облустарында да иштей баштайт. Азырынча маалымдаманы төмөнкү даректер боюнча алууга болот:

  • Бишкек, Раззаков көчөсү, 63; 
  • Ош, Алиев көчөсү, 128 (Ош ШИИБ); 
  • Жалал-Абад, Шопоков көчөсү, 35; 
  • Нарын, Ленин көчөсү, 27 (Нарын ОИИБ); 
  • Талас, Турдалиев көчөсү, 191 (Талас ОИИБ); 
  • Каракол, Кутманалиев көчөсү, 146а (Ысык-Көл ОИИБ); 
  • Баткен, Раззаков көчөсү, 4 (Баткен ОИИБ).

Жаңылыктар түрмөгү
0