Аба ырайы: эртең күн ачык болот

© Sputnik / Табылды КадырбековСоревнование по подледной рыбалке
Соревнование по подледной рыбалке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Эртең өлкө боюнча күн ачык болорун Кыргызгидромет билдирди.

Ледовый каток в селе Баетов Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
Ак-Талаада элди спортко шыктандырган 50 сомдук жалгыз муз аянт иштеп жатат
Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүп, жолдор тоңголок, тайгак болот. 

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Чүй жана Талас өрөөндөрүндө күндүз 6 градуска чейин суук болот. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактары 3 градустан 5 градуска чейин суук болсо, Ысык-Көл облусунда 5 градуска чейин суук болот. Ал эми тоолуу Нарында 22 градус суук болушу күтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0