Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт

© Фото / Зульфия ТургуноваНовогодние елки в регионах Кыргызстана — Ош
Новогодние елки в регионах Кыргызстана — Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 3-янв. – Sputnik. Эртең республика аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Первые картинки настоящей зимы в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кычыраган кыш чилде 8-январда түшөт
Маалыматка караганда, Баткен облусунун айрым жерлеринде жана Алай өрөөнүндө кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Бишкек шаарында түнкүсүн —3..-5 градус суук болсо, күндүз 2..4 градус жылуу болот. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 0..-5 градус суук болсо, күндүз 1..6 градуска чейин жылуу болот.

Ысык-Көлдө түнкүсүн —4..-9, күндүз —2…3 градус жылуу болушу күтүлөт. Ал эми Чүй, Талас облустарында түнкүсүн —3…-8, күндүз —1…+4 градус болот.

Нарында түнкүсүн —19…-24, күндүз —9…-14 градус суук болушу күтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0