Айттырбай келген тилсиз жоо. 66 адамдын өмүрүн алган өрт кырсыктары

© Sputnik / Бегимай БакашеваБишкектин 7-кичи районундагы өрт. Архив
Бишкектин 7-кичи районундагы өрт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин он бир айдын жыйынтыгы боюнча берген маалыматына ылайык, өлкө боюнча 3528 өрт кырсыгы катталып, анын кесепетинен 445 миллион 741 миң 220 сомдук материалдык чыгым келтирилген. Андан сырткары, 66 адамдын, анын ичинен бир жаш баланын өмүрү кыйылган.

Sputnik Кыргызстан агенттигин бир жыл ичинде болгон ири өрт кырсыктарын тизмектеп, жаңырган жылда айттырбай келген тилсиз жоо аз болушун каалайт.

Февраль 

Февраль айынын башында Кулатов жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жаңы салынып жаткан 13 кабаттуу үйдүн чатыры электр зымдарындагы чыңалуудан улам өрттөнүп, үч саат дегенде өчүрүлгөн. 

Бакен Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөр театрынын кийим сактаган бөлмөсү күйүп, артисттер кийимсиз калган.

Бишкектин Фучик көчөсүндө 40 тонналык май ташуучу цистерна күйүп, беш саатта араң өчүрүлгөн. 

Март

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын имаратында өрт чыгып, кызматкерлер сыртка чыгарылган. Имараттын аймагы аскерлер тарабынан курчоого алынган. 

Бишкек шаарындагы Орто-Сай базарындагы тез татым жайы өрттөндү

Апрель 

Балыкчындагы "Балыкчы — Кербен" базарында өрт чыгып, 7 павильон күйүп кетти.

Май

Баткендин Исфана шаарындагы базар өрттөнүп кетти

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районундагы "Жаркынай" базары өрттөнүп, тилсиз жоо төрт саатка жакын убакытта өчүрүлгөн.

Июнь

Фучик көчөсүндөгү газ ташуучу унаа жарылып, ондон ашык киши түрдүү жаракаттарды алган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, жабыркагандарга Атамбаев 500 миң сом бөлгөн. Анын кесепетинен алты киши каза болду.

Бишкек шаарынын Панфилов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги 12 кабаттуу үйдүн чатыры өрттөндү. Жабыркагандар жана каза болгондор катталган эмес.

Июль

Бишкектеги Тарых музейинин кампасында өрт чыгып, ал алты саатта өчүрүлдү. ӨКМ чыккан өрт музейдеги экспонаттарга зыян келтирбегенин айтышкан.

Август 

Ош шаарындагы Навои — Шамшад көчөлөрүнүн кесилишиндеги сегиз үйдө өрт чыгып, ал үч саат дегенде өчүрүлдү. Өрттү өчүрүүгө бардыгы болуп 8 өчүрүүчү унаа тартылган.

Бишкекте КамАЗ үлгүсүндөгү май ташуучу унаанын багы жарылып, машина толугу менен күйүп кеткен. Анын кесепетинен айдоочунун денесинин 70 пайызы күйүп калган.

Баткен районуна караштуу Миң-Булак айылында май ташуучу унаа жолдон күйүп кетти. Бактыга жараша, жабыркагандар катталган эмес.

Октябрь

"Таатан" соода комплексиндеги өрт чыгып, ал 700 чарчы метр жерге жайылган

Ноябрь 

Бишкектин батыш тарабындагы Садыгалиев көчөсүнө жакын аймакта күйүүчү май сакталган кампа күйдү. Аны өчүрүүгө жалпы 120 кызматкер тартылган. Жалпысынан 500 миң литр мотор майы күйгөн. Тилсиз жоо дээрлик бир күн кечке өчүрүлгөн.

"Ала-Тоо" аквапаркы күйүп кетти. Өрт имараттын чатырынын 1000 чарчы метр жерин жалмаган.

Бишкектин 7-кичи районундагы чиркөө менен мектеп өрттөндү. Тилсиз жоо 1800 чарчы метрди жалмады. Аны өчүрүү үчүн 9 өрт өчүрүүчү унаа тартылып, сегиз саатта өрт толугу менен өчүрүлгөн.

Декабрь

Базар-Коргондо үй өрттөнүп, 10 жана 6 жаштагы эки бала каза болгон.

"Айпери" имаратындагы өрт 7 сааттан кийин өчүрүлдү. Имараттын чатырындагы желдетүүчү шахтасынын ичиндеги бир тоннага жакын рубероид күйгөн. Өрт болжол менен 150 чарчы метр жерге жайылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0