Кыргызстанда эртең жаан-чачын болбойт

Жазылуу
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Эртең, 26-декабрь күнү, Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөй турганын Кыргызгидромет билдирди.

Строительство дороги в Олекминском районе Республика Саха (Якутия) - Sputnik Кыргызстан
Тогуз-Торонун Кара-Көө ашуусунда үч ирет кар көчкү түштү
Маалыматка ылайык, түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда бир аз кар жааса, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Абанын температурасы түнкүсүн Талас менен Чүй өрөөнүндө —5…-10, күндүз 3…8 градус болот. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн —4…-9, күндүз 3…8 градуска чейин жетет. Ысык-Көлдө түнкүсүн —5…-10, күндүз 1…6 градус болсо, Нарында түнкүсүн —20…-25, күндүз —5…-10 болушу күтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0