БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. 11-декабрь күнү өткөн референдумда шайлоочулардын 948 миң 185и Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү колдоду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова БШКнын отурумунда билдирди.
Белгилей кетсек, Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өтүп, ага 2 миллион 852 миң кишинин добуш берүү укугу бар болчу. Жыйынтыгында референдумга 1 миллион 190 миң 855 киши добуш берсе, 57 427 бюллетень жараксыз деп табылган.
Шайлдабекованын айтымында, референдумга 185 140 шайлоочу "каршы" деген добуш берди.
Пайыздык көрсөткүч менен алганда добуш бергендердин 79,6 пайызы Баш мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү колдоду.
Белгилей кетсек, БШК 18 шайлоо участкасындагы жыйынтыкты жокко чыгарган.
Ал акыркы чечим президент менен ЖКга жөнөтүлө тургандыгын айтты.