Нарын облусунан башка аймактарда күн жылуу болот

© Sputnik / Табылды КадырбековРозы, пальто и первые снежки — ноябрьский день в Бишкеке
Розы, пальто и первые снежки — ноябрьский день в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал эми 22-23-декабрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаап, 23-декабрда айрым жерлерде катуу жаайт.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Эртең Нарын облусунан башка аймактарда күн жылуу болорун Кыргызгидромет билдирди.

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун директору Канат Абдрахматовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Радио
Канат Абдрахматов: апрель-майда жалпысынан жер 8 миңге жакын теремелет
Маалыматка ылайык, өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетип, багыты өзгөрүлүп турат. 

Чүй, Талас өрөөнүндө 6 градуска чейин жылуу болот. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 8 градус жылуу болот. Ысык-Көлдө 5 градуска чейин жылуу болсо, Нарында 9 градуска чейин суук болот.

Ал эми 22-23-декабрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаап, 23-декабрда айрым жерлерде катуу жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0