Эртең өлкө аймагында күн ачык болуп, 15 градус жылыйт

Жазылуу
Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Эртең Кыргызстандын аймагында күн ачык болорун Кыргызгидромет кызматы кабарлады.

Архив: Уголь - Sputnik Кыргызстан
Таластагы "Бекнур" реабилитациялык борборуна көмүр берилди
Бишкек шаарында күн ачык болуп, 15 градуска чейин жылыса, Ош шаарында күн 13 градус болот. 

Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй жана Талас өрөөндөрүндө күндүз 15 градус жылуу болот. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактары 12 градустан 15 градуска чейин жылыйт. Ысык-Көл облусунда 8 градуска чейин жылуу, ал эми тоолуу Нарында 12 градус суук болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0