Эртең өлкө аймагында жаан, кар жаайт

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Эртең, 7-декабрда көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүндүгүн Кыргызгидромет билдирди.

Карда ойноп жаткан үй бүлө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Декабрь айына карата аба ырайынын божомолу
Маалыматка ылайык, автожолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү пайда болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Нарын облусунан башка аймактарда абанын температурасы нөлдөн жогору болот. Чүй, Талас өрөөнүндө 10 градус жылуу болсо, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 13 градус жылуу болот. Ысык-Көлдө 8 градус нөлдөн жогору болсо, Нарында 5 градус суук болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0