Кыргызгидромет: эртең кар жаашы мүмкүн

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Кыргызстанда эртең кар жаай тургандыгын Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Дары дармектер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сасык тумоону дарылоодогу 5 катачылык
Бишкекте түнкүсүн 3 градус суук, күндүз 8 градус жылуу болот. Ал эми Ош шаарында түнкүсүн 4 градус суук, күндүз 9 градуска чейин жылыйт.

Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош автоунаа жолунун 121-138, 198-275- чакырымдарында жана Кара-Кулжа — Алайкуу жолунун 65-90 чакырымдарындагы, Нарын — Казарман жолунун (Кара-Көө ашуусу) 67-94 чакырымдары жана Каракол — Эңилчек жолунун 45-92 чакырымдарындагы жолдорго кар көчкү түшөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл экенин Кыргызгидромет эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0