Бейшембиде Кыргызстан боюнча күн суук болот

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчөдө бараткан адамдар. Архив
Көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шамалдын багыты өзгөрүлүп, секундасына 2-7 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Эртең, 24-ноябрь күнү Кыргызстанда күн суук боло тургандыгын Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, шамалдын багыты өзгөрүлүп, секундасына 2-7 метрге чейин жетет. 

Кар алдындагы Бишкектин асмандан көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан
Кар алдындагы Бишкектин асмандан көрүнүшү
Бишкек менен Ош шаарларынада түнкүсүн 7…11 градус, ал эми күндүз 4…5 градус суук болот. 

Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош автоунаа жолунун 121-138, 198-275 чакырымдары жана Кара-Кулжа — Алайкуу жолундагы 65-90 чакырымдары, Нарын — Казарман жолунун (Кара-Көө ашуусу) 67-94 чакырымдары жана Каракол — Эңилчек жолунун 45-92 чакырымдарындагы жолдорго кар көчкү түшүү коркунучу бар

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0