БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Дүйшөмбүдө өлкө боюнча күн ачык боло тургандыгын Кыргызгидрометтен билдиришти. Маалыматка ылайык, чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.
Бишкек менен Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз абанын температурасы 14 градуска чейин көтөрүлөт.
Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош (198-250 чакырымдарында), Каракол — Эңилчек (75-83 чакырымдарында), Барскоон — Ак-Шыйрак автоунаа жолунун Сары-Мойнок ашуусу жана Сөөк ашуусундагы (60-68 чакырымдарында) автоунаа жолунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. ӨКМ мындан сырткары күрткү жаралып, жолдор тайгак болуп, муз тоңорун кабарлады.
Министрлик сапарга чыккандарга ашууларда жана кооптуу жерлерде автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралыкта кыймылдын чектелиш зарылдыгын эскертти.