БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койгондугу тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда мамлекет башчы документке бүгүн 3-ноябрда кол койгон.
Белгилей кетсек, Баш мыйзамды өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоор 2-ноябрда Жогорку Кеңештин үчүнчү окуусунда жактырылган.