Өзбек ТИМи: кыргыз-өзбек чек арасынын 49 тилкеси боюнча позиция макулдашылды

© AP Photo / Anvar Ilyasov, PoolПограничная зона между Узбекистаном и Афганистаном
Пограничная зона между Узбекистаном и Афганистаном - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз-өзбек чек арасынын узундугу 1 378 чакырым, анын 1 058и буга чейин аныкталган.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Кыргыз-өзбек чек арасынын 49 тилкеси боюнча позициялар макулдашылганын Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди

Маалыматка ылайык, 22-31-октябрдын аралыгында эки өлкөнүн өкмөттүк делегациялары кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Баткен жана Ош шаарларында жолугушкан.

"Эки тарап биргеликте чек аранын талаштуу тилкелери менен жеринен таанышып, 49 участок боюнча позициялар макулдашылды. Жолугушуунун натыйжасында протоколго кол коюлду", — деп айтылат маалыматта.

Жумушчу топтун кийинки жолугушуусун Өзбекстандын аймагында өткөрүү пландаштырылды.

Кыргыз-өзбек чек арасынын узундугу 1 378 чакырым, анын 1 058и буга чейин аныкталган. Бүгүнкү күндө 58 жер аянтындагы 324 чакырымдык чек ара талаштуу бойдон калып келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0