Өлкө аймагында түнкүсүн кар жаайт

Жазылуу
Түнкүсүн Бишкекте 6 градус суук болсо, күндүз 5 градуска чейин жылуу болот.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. 27-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир тоолуу аймактарына кар түшөрүн Кыргызгидромет билдирди.

Обогатительная фабрика Каскад ОАО Кузбасская топливная компания - Sputnik Кыргызстан
Күн сууктаган сайын асмандаган көмүр. Аймактардагы баа
Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында туман түшөт. Автожолдор тоңуп, тайгалак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Түнкүсүн Бишкек шаарында 6 градус суук болсо, күндүз 5 градуска чейин жылуу болот. Ал эми Ош шаарында түндө 4 градус суук, күндүз 8 градуска чейин көтөрүлөт.

27-октябрда күндүз Ысык-Көл менен Нарын облустарынан тышкары бардык аймактарда температура нөлдөн жогору болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0