Кыргызстанда эртең кар жаап, жолдор тайгак болот

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 26-октябрда түнкүсүн кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Обогатительная фабрика Каскад ОАО Кузбасская топливная компания - Sputnik Кыргызстан
Күн сууктаган сайын асмандаган көмүр. Аймактардагы баа
Маалыматка ылайык Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир дыйканчылык райондорунда туман түшөт. Автожолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Ошондой эле 27-октябрга чейин туруксуз аба ырайы сакталарын Кыргызгидромет эскертет. 26-27-октябрда абанын температурасы кескин төмөндөйт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн —5…-10 градус суук, күндүз 0…-5 градус суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн —1…-6 градус суук, күндүз 1…6 градус жылуу болот. Нарын облусунда жана тоолуу райондордо түнкүсүн —11…-16 градус суук, күндүз —2…-7 градус суук болот. Мындай жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0