Кыргызстанда түнкүсүн суук 10 градуска чейин жетет

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 18-23 метрге чейин жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Эртең өлкө аймагында мезгил-мезгили менен кар жаай турганын Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 18-23 метрге чейин жетиши мүмкүн. 

Обогатительная фабрика Каскад ОАО Кузбасская топливная компания - Sputnik Кыргызстан
Күн сууктаган сайын асмандаган көмүр. Аймактардагы баа
Абанын температурасы Бишкекте түнкүсүн 1…3 градус суук, күндүз 1…3 градус жылуу болот. Ош шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4, күндүз 5…7 градус жылуу болот.

Чүй, Талас, Ысык-Көл, облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 5…10 градус, күндүз 0…5 градус суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 1…6 градус суук, күндүз 1…6 градус жылуу, Нарын облусунда жана тоолуу райондордо түнкүсүн 11…16, күндүз 2…7 градус суук болушу күтүлөт. 

Мындай жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0