Тоолуу аймактардын жолдору тайгак болот

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда жаан-чачын болуп, калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, тоолуу аймактардын автожолдорунда тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Бишкек шаарында түндө 3 градуска чейин болсо, күндүз 10 градуска чейин жылыйт. Ош шаарында түнкүсүн 2 градус жылуу, күндүз 8 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0