Өлкөнүн айрым жерлеринде катуу шамал болот

© flickr.com / Kei MuratagawaКол чатыр, Архив
Кол чатыр, Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар жаайт.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Эртең, 18-октябрда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, ал карга айланат. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 18-23 метрге жетиши мүмкүн.

Бишкек шаарында күндүз 12 градус болсо, Ош шаарында 15 градус жылуу болот. Таласта — 10, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 14 градус жылуу болот. Абанын температурасы Нарын менен Ысык-Көлдө 12 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0