Кыргызстандын бир катар аймактарында катуу шамал болот

© Sputnik / Табылды КадырбековТоодо жаап жаткан жамгыр, архив
Тоодо жаап жаткан жамгыр, архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарында 17 градус жылуу болсо, Ош шаарында күн 20 градуска көтөрүлөт.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Өлкө аймагында 13-октябрда түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондордо кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 18-23 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Бишкек шаарында 17 градус жылуу болсо, Ош шаарында күн 20 градуска көтөрүлөт. Жалал-Абад, Баткенде — 21, Нарында — 18, Ысык-Көлдө 17 градус жылуу болот.

Престижный фотоконкурс National Geographic Nature Photographer of the Year 2016 - Sputnik Кыргызстан
Соң-Көлдүн сүрөттөрү National Geographic конкурсунун кыска тизмесине кирди
Ошондой эле Кыргызгидромет 13-14-октябрда аба ырайы кескин өзгөрүүлөрүн эскертет. 13-октябрда күндүз жана 14-октябрда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жана Чүй, Талас өрөөндөрүндө карга айланышы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши күтүлөт. 

14-октябрда күндүз абанын күндүзгү температурасы төмөндөп, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 5…10, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 10…15 жылуу, ал эми тоолуу райондордо 2…7 градус суук болот. Мындай жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат. 15-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарынын айрым жерлеринде 1…3 градус суук болот. Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылчага, мөмө-жемиштерге жана казылып алынган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0