Октябрдан тарта орточо пенсия 420 сомго көбөйөт

© Sputnik / Табылды КадырбековУлгайган кемпирдин архивдик сүрөтү
Улгайган кемпирдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт октябрда пенсионерлер акчасын кадимки тартипте аларын белгилейт.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 1-октябрдан тарта пенсиянын көлөмүн жогорулатуу боюнча токтомго кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Натыйжада пенсиянын орточо көлөмү 5173 сомду түзөт. Эскерте кетсек, 2016-жылдын башына пенсионерлердин жалпы саны 604,8 миң кишини түзсө, пенсиянын орточо көлөмү 4753 сом болуп келген.

Пенсионер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Соцфонд пенсияны көбөйтүүнү сунуштап жатат
Токтомго ылайык, 1-октябрдан тарта 10 миң сомго чейин пенсия алгандардын акчасы кеминде 350 сомго чейин жогоруласа, 10 миң сомдон ашык пенсия алгандардыкы 8 пайызга көбөйөт.

2000 сомго чейинки пенсия орточо эсеп менен эки эсе көбөйүп, 2001 сомдон 4000 сомго чейин көтөрүлөт. 4000 сомго чейинкилери 15 пайызга жогорулап, 4001 сомдон 10 миң сомго чейин жогоруламакчы. Ал эми 1-топтогу майыптардын акчасы да көбөйүп, жыл соңуна чейин 4700 сомго жетет. 

Маалыматка ылайык, октябрда пенсионерлер акчасын өз тартибине ылайык алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0