Эртең Кыргызстандын көпчүлүк аймагында жаан жаайт

© Sputnik / Табылды КадырбековЖамгырда бараткан Бишкек жашоочулары. Архив
Жамгырда бараткан Бишкек жашоочулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. 14-сентябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу аймактарга кар түшөрүн Кыргызгидромет билдирди.

Күндүз Ысык-Көл облусунда жана Кыргыз тоо кыркаларында жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 

Чүйдө — 21…26, Талас — 19…24, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында — 23…28, Баткенде — 22…27, Ысык-Көлдө 16…21, Нарын — 17…22 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0