Шейшембиде өлкө боюнча күн ачык болот

© Sputnik / Геннадий ЗакировАлтын-Арашан капчыгайы. Архив
Алтын-Арашан капчыгайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Эртең Кыргызстанда күн ачык боло турганын Кыргызгидромет билдирди. 

Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 18…20 градус, күндүз 30…32 градус жылуу болсо, Ошто түнкүсүн 18…21, күндүз 31…33 градус жылуу болуусу күтүлүүдө. 

Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0