Спорт жана бийлик: федерациянын эки тизгин бир чылбырын колго алган атка минерлер

© Sputnik / Табылды КадырбековКилем үстүндөгү күрөш балбандары. Архив
Килем үстүндөгү күрөш балбандары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда спорт федерацияларынын көпчүлүгүн жогорку даражалуу мамлекет кызматкерлери же катыш-жааты күчтүү жарандар башкарып келет. Sputnik Кыргызстан редакциясы азыркы атка минерлердин кимиси спорт бирикмелеринин жетектей турганын аныктады.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. 2016-жылдын Олимпиада оюндары да аяктады. Эң ири эл аралык спорт иш-чарасы кыргызстандыктардын да көңүл чордонунда болду.

КР жарандары Оюнду телевизордон гана көрбөстөн, айрым күйөрмандар мекендештерди колдоо үчүн Рио-де-Жанейрого да барышты. Алсак, Олимпиадада мурунку ички иштер министри Мелис Турганбаев жүрдү. Ал Эркин күрөш федерациясынын президенти жана спорт күрөшү боюнча федерациянын вице-президенти болуп эсептелет. 

Бир эле учурда жогорку саясий жана спорт кызматтарын ээлеген учурлар бизде аз эмес. Өз кезегинде Максим Бакиев Спорттук күрөш боюнча федерацияны, ал эми Айдар Акаев Улуттук олимпиадалык комитетти (УОК) жана Бокс боюнча федерацияны жетектегенин эскерсек жетиштүү болот.

Спорттун жеке түрлөрү

Рио олимпиадасындагы Кыргызстандын курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Рио-2016: Кыргызстан эмне үчүн байгеден куржалак калды
"Кыргызстан" партиясынын лидерлеринин бири, "Аю" холдингинин башчысы, ЖКнын мурунку депутаты Шаршенбек Абдыкеримов былтыр Улуттук олимпиадалык комитеттин башчылыгына келген. Спорт менеджментинде ал жаңы адам эмес, Абдыкеримов 2011-жылдан бери КРдин Күрөш боюнча бириккен федерациясын жетектеп келет.

Федерация өзү үч спорт бирикмесинен турат. Грек-рим күрөшүн экономика министри Арзыбек Кожошев, эркин күрөштү Мелис Турганбаев, ал эми кыз-келиндер күрөшүн депутат, өлкөдөн качып кеткен мурдагы премьердин жубайы Динара Исаева жетектейт.

Дагы бир депутат Чолпон Султанбекова Бүткүл дүйнөлүк кур алыш боюнча федерациянын вице-президенти.

Алыш боюча улуттук федерацияны депутаттык корпус боюнча Султанбекованын мурдагы кесиптеши Акылбек Эшимов башкарат.

Жаштар, дене тарбия жана спорт иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, УОКтун мурдагы башкы катчысы Канат Аманкулов Жеңил атлетика боюнча федерацияны 11 жылдан бери жетектейт.

Спорттун командалык түрлөрү

Встреча бронзового призера Олимпиады в Рио Иззата Артыкова и тренера в аэропорту Манас - Sputnik Кыргызстан
Мамагенттик: сот Иззат Артыковдун күнөөсүз экенин далилдөөнү сунуштады
Көк бөрү боюнча федерациянын президенти Канат Исаев Чүй облусунун губернатору болгон, азыр болсо "Кыргызстан" парламенттик фракциясынын башында турат.

Футбол боюнча федерацияны Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы башчысы Алымбай Султановдун уулу жана Алмазбек Атамбаевдин күйөө баласы Семетей Султанов жетектейт.

Волейбол боюнча федерацияны башкарган Элмурза Сатыбалдиев Бакиев президент болуп турганда анын кеңешчиси жана өлкөнүн башкы прокурору болчу. 7-апрелдеги окуяларга байланыштуу козголгон кылмыш ишине катышкан бул жаран мунапыска кабылып, бирок аскер прокуратурасы бул чечимдин үстүнөн арыз бере турганын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0