Шашылыш билдирүү: катуу жааган жамгырдан улам сел жүрөт

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүЖамгыр. Архив
Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши күтүлөт.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүү коркунучу сакталат деп билдирди ӨКМдин маалымат кызматы.

Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши күтүлөт.

"17-18-августта мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар түшүп, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Мындай жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0