25 жыл ичинде ажолукка аттангандар. Профессордон көмүр королуна чейинки дымак

Жазылуу
Кийинки президенттик шайлоону өткөрүүгө аз гана убакыт калып, журт башчысы болом дегендердин асты үн ката баштаган чагы. Алардын катарында саясатчылар Адахман Мадумаров,Садыр Жапаров, "Альфа-Телеком" (MegaCom соода маркасы) ишканасынын мурдагы директорунун кеңешчиси Алмазбек Абеков бар.

Ал эми 2011-жылы өткөн президенттик шайлоо талапкерлердин жүзгө жакындаганы менен көпчүлүктүн эсинде калган.

Sputnik Кыргызстан агенттиги буга чейин ажолукка чамынгандарды тизмектеди. 

Кыргызстан быйыл эгемендүүлүгүнүн 25-жылын белгилейт. Бул мезгил ичинде саясий аба ырайы бирде чайыттай ачык болсо, бирде кара булут каптап турду. Ал ортодо өлкөдө алты ирет парламенттик жана алты жолу президенттик шайлоо өттү. 

© Sputnik / Юрий Абрамочкин / Медиабанкка өтүүКыргызстандын туңгуч президенти — Аскар Акаев
А.Акаев на 1У съезде народных депутатов ССР - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын туңгуч президенти — Аскар Акаев

Тарыхка кайрылсак, 1990-жылы 24-октябрда "Кыргыз ССРинде Президенттик кызматты түзүү жөнүндө" мыйзам кабыл алынып, 27-октябрда парламент Кыргызстандын туңгуч президенти — Аскар Акаевди шайлаган. Андан соң Акаев 1995-жылы жана 2000-жылдары президенттик шайлоолордо утуп чыгып, эки тизгин бир чылбырды эч кимге берген эмес. 

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүү1995-жылкы президенттик шайлоодо Акаевдин башкы атаандашы катары Абсамат Масалиев ат салган
1995-жылкы президенттик шайлоодо Акаевдин башкы атаандашы катары Абсамат Масалиев ат салган - Sputnik Кыргызстан
1/10
1995-жылкы президенттик шайлоодо Акаевдин башкы атаандашы катары Абсамат Масалиев ат салган
© Ашыркул ОморовМамлекеттик ишмер Медеткан Шеримкулов
2/10
Мамлекеттик ишмер Медеткан Шеримкулов
© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүү2000-жылкы президенттик шайлоого катышкан Өмүрбек Текебаев
2000-жылкы президенттик шайлоого катышкан Өмүрбек Текебаев - Sputnik Кыргызстан
3/10
2000-жылкы президенттик шайлоого катышкан Өмүрбек Текебаев
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеш КР2000-2005-жылдары президенттик шайлоого катышкан Турсунбай Бакир уулу
2000-2005-жылдары президенттик шайлоого катышкан Турсунбай Бакир уулу - Sputnik Кыргызстан
4/10
2000-2005-жылдары президенттик шайлоого катышкан Турсунбай Бакир уулу
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев2000-жылкы президенттик шайлоого катышкан Турсунбек Акун
2000-жылкы президенттик шайлоого катышкан Турсунбек Акун - Sputnik Кыргызстан
5/10
2000-жылкы президенттик шайлоого катышкан Турсунбек Акун
© Sputnik / Владимир Воронин / Медиабанкка өтүү2000-жылкы президенттик шайлоого катышкан Мелис Эшимканов
2000-жылкы президенттик шайлоого катышкан Мелис Эшимканов - Sputnik Кыргызстан
6/10
2000-жылкы президенттик шайлоого катышкан Мелис Эшимканов
© Sputnik / Табылды Кадырбеков2009-жылкы президенттик шайлоого катышкан Темир Сариев
7/10
2009-жылкы президенттик шайлоого катышкан Темир Сариев
© AFP / VYACHESLAV OSELEDKO 2010-жылкы президенттик шайлоого катышкан Кубатбек Байболов
2010-жылкы президенттик шайлоого катышкан Кубатбек Байболов - Sputnik Кыргызстан
8/10
2010-жылкы президенттик шайлоого катышкан Кубатбек Байболов
© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүү2010-жылкы президенттик шайлоого катышкан Кубанычбек Исабеков жана Адахан Мадумаров
2010-жылкы президенттик шайлоого катышкан Кубанычбек Исабеков жана Адахан Мадумаров - Sputnik Кыргызстан
9/10
2010-жылкы президенттик шайлоого катышкан Кубанычбек Исабеков жана Адахан Мадумаров
© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүү2010-жылкы президенттик шайлоого катышкан Камчыбек Ташиев
2010-жылкы президенттик шайлоого катышкан Камчыбек Ташиев - Sputnik Кыргызстан
10/10
2010-жылкы президенттик шайлоого катышкан Камчыбек Ташиев
1/10
1995-жылкы президенттик шайлоодо Акаевдин башкы атаандашы катары Абсамат Масалиев ат салган
2/10
Мамлекеттик ишмер Медеткан Шеримкулов
3/10
2000-жылкы президенттик шайлоого катышкан Өмүрбек Текебаев
4/10
2000-2005-жылдары президенттик шайлоого катышкан Турсунбай Бакир уулу
5/10
2000-жылкы президенттик шайлоого катышкан Турсунбек Акун
6/10
2000-жылкы президенттик шайлоого катышкан Мелис Эшимканов
7/10
2009-жылкы президенттик шайлоого катышкан Темир Сариев
8/10
2010-жылкы президенттик шайлоого катышкан Кубатбек Байболов
9/10
2010-жылкы президенттик шайлоого катышкан Кубанычбек Исабеков жана Адахан Мадумаров
10/10
2010-жылкы президенттик шайлоого катышкан Камчыбек Ташиев

Үч талапкер… 1995-жылкы президенттик шайлоодо Акаевдин башкы атаандашы катары Абсамат Масалиев ат салышып, талапкерлердин катарын Медеткан Шеримкулов толуктаган.

Жетинин бири кыдыр… 2000-жылкы президенттик шайлоого ошол кездеги ажо Акаевден сырткары Өмүрбек Текебаев, Алмазбек Атамбаев, Мелис Эшимканов, Турсунбай Бакир уулу жана Турсунбек Акундар катышкан. 

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүКурманбек Бакиев
Курманбек Бакиев - Sputnik Кыргызстан
Курманбек Бакиев

Март окуясынан кийинки шайлоо: беш эркек жана бир айым. Ал эми 2005-жылдагы 24-марттагы окуядан кийин Аскар Акаев бийликтен кетип, президенттик жаңы шайлоо өткөн. Анда Курманбек Бакиев менен кошо ажо болом дегендердин катарына Турсунбай Бакир уулу, Акбаралы Айтикеев, Жыпар Жекшеев, Токтайым Үмөталиева жана Кеңешбек Дүйшөбаевдер тизилишкен. 

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOПрезидент Роза Отунбаева
Роза Отунбаева — женщина-президент с железным характером - Sputnik Кыргызстан
Президент Роза Отунбаева

Дагы алтоо, бирок, курам өзгөрдү. Арадан төрт жыл өтүп, 2009-жылы кайрадан өлкө башчысына шайлоо болгон. Анда президенттикке Курманбек Бакиев, Алмазбек Атамбаев,Токтайым Үмөталиева, Жеңишбек Назаралиев,Темир Сариев жана Нурлан Мотуевдер аттанып, жыйынтыгында Бакиев шайланган. 

Бүтүн Кыргызстан саясий партиясынын лидери, парламенттин мурдагы төрагасы Адахан Мадумаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ажолуктан үмүтүн үзбөгөн Адахан Мадумаров президенттик шайлоого аттанат
83 талапкер!!! 2010-жылы өлкөдө бийлик алмашкан экинчи саясий орчундуу — апрель окуясы болуп кетти. Ортодо президентикке Роза Отунбаева референдум жолу менен шайланды. Ал эми кийинки саясий жарыш — президенттик шайлоонун датасы 2011-жылга дайындалды. Шайлоочуларга бир кулач бюллетенден талапкер тандоого туура келген. Алгач, бул саясий өнөктүккө 83 жаран аттанган. Электен өтүп отуруп, анын 16сына ажолукка талапкерлигин сынап көрүү шыбагасы буюрган. Ошентип президенттикке Алмазбек Атамбаев, Кубатбек Байболов, Кубанычбек Исабеков, Марат Иманкулов, Сооронбай Дыйканов, Алмазбек Каримов, Өмүрбек Суваналиев, Курманбек Осмонов, Акбаралы Айтикеев,Төрөбай Колубаев, Анарбек Калматов,Темирбек Асанбеков, Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров, Арстанбек Абдылдаев, Турсунбай Бакир уулу талапкерлигин коюшкан. Аталган саясий жарышта Атамбаев марага биринчи болуп келген.

Кезектеги президенттик шайлоо 2017-жылы болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0