Кыргызстанда жаан-чачындуу аба ырайы сакталат

Жазылуу
Кыргызгидромет нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертет.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Эртең, 5-июлда республика аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ысык-Көл жээги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көл, ысык кум, акча: Ысык-Көлдө эс алуу канча турат
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Бишкекте абанын температурасы түнкүсүн 15…17 градус, күндүз 23…25 градус болот. Ош шаарында жаан жаап, абанын температурасы түнкүсүн 17…19 градус, күндүз 27…29 градус болот. 

Кыргызгидромет 7-июлуна чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0