Республиканын тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу жогору

© AFP / TAUSEEF MUSTAFAТоолуу аймак. Архив
Тоолуу аймак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Туруксуз жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.

Премьер Сооронбай Жээнбеков сел кырсыгынан жабыркаган аймак менен жери - Sputnik Кыргызстан
Премьер Сооронбай Жээнбеков сел кырсыгынан жабыркаган аймак менен жеринен таанышты
Маалыматка ылайык, сел жүрүү коркунучу 29-30-май күндөрү жогору. Эртең 30-майда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет. 

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 27-май күнү түштүк аймакта тынбай жааган жамгырдын кесепетинен сел жүргөн. Анын кесепетинен 11 унааны суу агызып, бир машина сайга кулап кеткен. Ичиндеги төрт чоң киши жана эки жаштагы бала каза болгон. Дагы бир алты жаштагы баланы куткаруучулар сактап калууга үлгүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0