Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 821 катышуучусу жашайт

Жазылуу
9-майга карата аталган жарандарга берилүүчү жөлөк пулдун көлөмү 10-15 миң сомду түзүп, жалпы сумма 54 миллион сомдон ашат.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Учурда Кыргызстанда Улу Ата Мекендик согуштун 821 катышуучусу жашайт. Бул тууралуу социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев Оштун Кара-Кулжа районунун жашоочулары менен жолугуп жатып билдирди.

Анын айтымында, согуштун ардагерлерине республикалык бюджеттен социалдык колдоо көрсөтүлүп келет. 

"Учурда республикада тылда иштеген 3974 адам жашайт. Мындан тышкары, армияда иштеген 9 жаран, Ленинграддын 30 блокадачысы, концлагерлерде кармалган 29 туткун жана 18 ардагердин жесирлери бар", — деди министр.

9-майга карата аталган жарандарга берилүүчү жөлөк пулдун көлөмү 10-15 миң сомду түзүп, жалпы сумма 54 миллион сомдон ашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0