Фермерлерге миллиард сомдук жеңилдетилген насыя берилди

Жазылуу
"Айыл чарбасын каржылоо-4" долбоору ишке кирип, ушу тапта 2798 адамга насыя берилген.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Айыл чарбаны каржылоонун алкагында фермерлер бир миллиард сомго чукул каражат алышканын премьер-министр Темир Сариев Жогорку Кеңештеги өкмөттүк саатта билдирди.

Анын айтымында, Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду 2015-жылдын сентябрь айынан тартып "РСК Банк" жана "Айыл банктары" аркылуу ишкерлерге бир миллион долларга чейинки насыя берип жатат. Фонддун жаңы жетекчилиги насыяны банктар аркылуу 5, тикелей 4 жана сом менен 12 пайыздык үстөк менен берүү чечимин кабыл алды.

"Айыл чарбасын каржылоо-4" долбоору ишке кирди. Учурда 2798 киши 1 миллиард сомдун өлчөмүндө насыяга ээ болду", — деди Сариев.

Мындан тышкары, премьер-министр ар бир райондо агротехникалык тейлөө жана айыл чарба техникасын көзөмөлдөө боюнча борборлор түзүлүп, алар лизингге кеминде 300 техника берерин белгиледи. Өкмөт башчы бул боюнча айыл өкмөттөрү машина-трактор станцияларын ачуусуна жол ачкан макулдашуу бар экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0