Кыргызстанда өндүрүшү кыскарып бара жаткан 7 товар

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүКирпич өндүрүү. Архив
Кирпич өндүрүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рейтинг 2016-жылдын эки айы менен былтыркы жылдын ушул маалын салыштыруунун негизинде түзүлдү.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларында кайсы товардын өндүрүшү кыскарганын Улуттук статистикалык комитет иликтеп чыкты. Ал эми Sputnik Кыргызстан алардын рейтингин түзүп чыкты.

  1. Этил спирти. Эки айдын ичинде спирт өндүрүүнүн көлөмү 7 эсеге азайган! Эгер 2015-жылы январь-февраль айларында 1,1 миллион литр спирт өндүрүлсө, быйыл бул көрсөткүч 163 миң литрге чамалаган.
  2. Былтыркы ушул маалга караганда Кыргызстанда ич кийим өндүрүүнүн көлөмү да кыскарган. Акыркы эки ай ичинде 86 миң түрү чыккан.
  3. Байпак менен колготкилердин саны да 65 пайызга азайган. 
  4. Тамеки. Каралып жаткан убакыт аралыгында бул тармак 62 пайызга кыскарды. Былтыр бул маалда 800 миң тонна тамеки өндүрүлсө, быйыл январь-февралда 300 миң тоннага жетет.
  5. Шире. Анын көлөмү 61 пайызга кыскарган. 
  6. Макарон менен кесме өндүрүүнүн көлөмү 2,5 эсеге азайды. Эки айдын аралыгында болгону 1,4 миллион тонна кесме өндүрүлгөн.
  7. Кирпич. Быйыл өндүрүлгөн кирпичтин саны 200 чарчы метрлик 44 эки кабаттуу үйдүн курулушуна жетет. Былтыр буга 103 үй курууга мүмкүн болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0