00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
В школы - без педдиплома: кто и зачем едет преподавать в отдалённые школы Кыргызстана
08:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ломбардга буюм коердо эмнелерге көңүл буруш керек, алданганда каяка кайрылса болот? Финансылык көзөмөл кызматы менен маек
09:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Подготовка к перевыборам в 13 округе: какие уроки извлечены из аннулированного голосования
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө жумушсуздукту азайтуу жана жаштарды эмгек рыногуна тартуу боюнча иштер кандай жүрүүдө?
11:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкек коопсуз, жашоого ыңгайлуу шаар — Башкы планда эмнелер камтылды?
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Горы любят внимательных: как кататься в горах Кыргызстана без риска
16:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Кулпунат Нуруйбекова: Мурда мугалим десе уялчумун азыр сыймыктанам
17:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Почему родители отказываются от лечения онкобольных детей в КР - беседа с главой отделения
18:07
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргызстанда кырышкыр, түлкү жана чөөгө гана аңчылык кылуу сунушталууда

© Sputnik / Егор Еремов / Медиабанкка өтүүКарышкыр. Архив
Карышкыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жапайы жана сейрек кездешүүчү жаныбарларды атууга мыйзамсыз лицензиялардын берилишине байланыштуу өлкөдө убактылуу аңчылыкка тыюу салуу мыйзам долбоору сунушталып жатат.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Мыйзам долбоор коомдук талкууга коюлду. Анда 2030-жылга чейин аңчылыкка мораторий киргизүү каралган. 

Берилген сунушта карышкыр, түлкү жана чөөлөрдү атууга тыюу салынган эмес. Мыйзам долбоорун КСДП фракциясынан депутат Жанар Акаев менен "Ата Мекен" фракциясынан депутат Эмил Токтошев демилгелеп чыкты. 

Мындай мыйзамды иштеп чыгуунун себеби бир нече уюмдардын кайрылуусуна байланыштуу болгон. Анда чет элдик жана жеке жактардын мыйзам бузуу фактылары көбөйгөнү айтылган. 

Ак илбирс. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдөн ак илбирсти аткан киши камакта
Долбоордогу билдирмеге караганда, бир нече коомдук кыймылдар буга чейин аңчылык талааларын ижарага берүүгө багытталган сынактарга каршы митинг өткөрүшкөн. 

Депутаттардын баамында, жапайы жаныбарлардын саны акыркы 20 жыл аралыгында кыйла кыскарып кеткен.

Ал эми экологдордун айтымында, маселени чечүү үчүн комплекстик иш чара колдонуу керектелет. Тагыраагы, иш чара ак илбирске гана багытталбастан бардык жапайы жаныбарларга тиешелүү болушу шарт.

Мындан сырткары илбирстин негизги азыгы болгон аркар жана туяктуу жаныбарлардын азайып кеткендигин депутаттар баса белгилешкен. 

Көз карандысыз экологдордун маалыматы боюнча өлкөдө стихиялык аңчылыктын жыйынтыгында эч бир жаныбар калбай калган. Эгер болсо дагы онго жетпеген үйүрлөрдү көрсө болот. 

"Аркар менен теке үйүрү менен жүрүшөт. Ысык-Көл менен Нарында үйүрүндө 20га жетпеген аркар текелерди көрүүгө болот. Иликтөөлөргө караганда 1 километр квадратка бир аркар менен теке туура келет. Бул нормадан 20 эсеге аз", — деп парламентарийлер айгай салууда.

Аңчылык боюнча мыйзамда сейрек кездешүүчү жапайы жаныбарларды атууга тыюу салган норма көрсөтүлбөгөнүн депутаттар баса белгилешет. 

Тескерисинче, КРнын "жаныбарлар дүйнөсү" тууралуу мыйзамынын 21-беренесинде кызыл китепке кирген жаныбарларга аңчылык кылуу атайын уруксаттын негизинде жүргүзүлөөрү жазылган.

"Башкача айтканда, бүгүн жапайы жаныбарларыбызды жок кылып алып, кийин кайра улуттук жаныбарлар паркын түзүүгө тоодой каражат коротобузбу",— дейт демилгечи депутаттар. 

Аңчылык кылууга 52 юридикалык жактарга уруксат берилген. 

Мамлекеттик, коомдук жана жеке талааларды кошкондо аңчылык кылуу аймагы 14,4 миллион гектарды түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0