Кыргызстандыктар импорттолгон кайсыл беш товардан баш тартууда

© Sputnik / Михаил Мордасов / Медиабанкка өтүүАвтоунаалар. Архив
Автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Он ай ичинде автоунаага болгон талап башкаларга салыштырмалуу бир кыйла азайган.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Январь-октябрь айларында Кыргызстанга чет жактан келген товарларга болгон суроо-талап азайганын Улуттук статистикалык комитети маалымдады. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги кыргызстандыктар кайсыл товарларды көп колдонбой калганын санап, рейтинг түздү.

1. Автоунаалар. Бир жылда 416 миллион долларга азайган.

2. Бензин жана минералдык продуктылар – 263 миллион долларга азайган.

3. Химиялык каражаттарга болгон суроо талап 119 миллион долларга төмөндөгөн. Статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанга алыскы чет мамлекеттен мындай каражаттар алып келинбей калган.

4. Тамак-аш жана суусундуктардын айырмачылыгы 87 миллион долларга барабар. Отчетко ылайык, негизинен КМШ өлкөлөрүнөн келген тамак-аштар азайган.

5. Карагай-тактайлар дагы 66 миллион долларга ылдыйлаган. Алыскы чет мамлекеттен ташылган мындай товар дээрлик эки эсе азайганы менен КМШ өлкөлөрүнөн алып келүү көбөйгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0