Кыргызстан – жаңы жылдык балатыга ким канча коротту?

© Айша КамиловаОш шаарынын жаңы жылдык балатысы.
Ош шаарынын жаңы жылдык балатысы. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы жыл майрамына карата коюлган балатылардын эң бийиги Ош шаарында болсо, эң кыскасы Баткен шаарына коюлду.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Жаңы жыл майрамына бардык жакта камылга кызуу жүрүүдө. Өлкө аймактарына коюлуп жаткан балатыларга Sputnik агенттиги абай салып көрдү. Майрамдын негизги символу болгон балатынын бийиктиги жана шаарды жасалгалоо үчүн кайсы калаа канча каражат жумшаганын бул жактан окуңуздар.

Ош шаары

Быйыл Ош шаарынын борбордук аянтына коюлган балатынын узундугу 29 метрди түзөт. Ош шаарына коюлган балаты Кыргызстандагы эң узун балаты. Шаардагы жаңы жылдык иш чараларды өткөрүүгө – административдик имараттарды кооздоого, борбордук аянтта шаардыктар үчүн муз аянтчасын курууга 1,5 миллион сом которулганын вице-мэр Замирбек Аскаров билдирди. Бөлүнгөн бул каражаттын ичине балатыларды орнотуу да кирген. Ал былтыр Ош шаарына коюлган балатынын узундугу 28 метр болгонун кошумчалады.

© Айша КамиловаОш шаарынын жаңы жылдык балатысы
Новогодние елки регионов - Sputnik Кыргызстан
Ош шаарынын жаңы жылдык балатысы

Жалал-Абад шаары

Жалал-Абад шаарынын чок ортосуна орнотулган 18 метрлик балатынын баасы 30 миң сом. Шаардык бюджеттен жаңы жылга карата шаарды жасалгалоого жалпысынан 450 миң сом бөлүнгөн. Калаа боюнча үч балаты коюлган. 

© Эсен ШишкараевЖалал-Абад шаарынын жаңы жылдык балатысы
Новогодние елки регионов - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абад шаарынын жаңы жылдык балатысы

Каракол шаары

Каракол шаарынын борбордук аянтына быйыл 19 метрлик балаты орнотулду. Аны 24 миң 400 сомго алып келишкен. Шаарды жаңы жылга карата кооздоого жергиликтүү бюджеттен 130 миң сом бөлүнгөн. Ал эми жаңы жылдык иш-чараны өткөрүүгө 60 миң сом каралган.

© Азамат АйтбаевКаракол шаарынын жаңы жылдык балатысы
Новогодние елки регионов - Sputnik Кыргызстан
Каракол шаарынын жаңы жылдык балатысы

Нарын шаары

Нарын шаарына коюлган жаңы жылдын негизги символу болгон балатынын бийиктиги 20 метрди түзөт. Ошондой эле, шаардын "Ала-Тоо" стадионунда муз аянтчасы ачылып, ал жакка 15 метрлик балаты орнотулган. Эки балатыны 30 миң сомго Нарын облусунун Кайыңды аймагынан алып келишкен.

© SputnikНарын шаарынын жаңы жылдык балатысы
Новогодние елки регионов - Sputnik Кыргызстан
Нарын шаарынын жаңы жылдык балатысы

Токмок шаары

Чүй облусунун борбору Токмок шаарына орнотулган негизги балатынын бийиктиги 13 метр. Жалпысынан Токмок шаарына мэрия төрт балаты орнотту. Аларды 47 миң сомго алышкан. Негизги балатыны кооздоого болжол менен 30 миң сомдун айланасында каражат корогон. Ал эми жаңы жылга карата майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө (ичине балаты, шаарды кооздоо, майрамдык салюттар да кирет) 400 миң сом каралган.

Талас шаары

Талас шаарындагы Атай Огонбаев атындагы музыкалык мектептин алдына 12 метрлик балаты орнотулду. Балаты турган жерди жана анын чет жакасын кооздоо үчүн 100 миң сом бөлүнгөнүн шаардык мэриядан билдиришти. Ал эми майрамдык иш-чаралар калаанын маданият бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан уюштурулат.

© Эльмира СуйутбековаТалас шаарынын жаңы жылдык балатысы
Новогодние елки регионов - Sputnik Кыргызстан
Талас шаарынын жаңы жылдык балатысы

Баткен шаары

Баткендин борборуна 10 метрлик балаты орнотулган. Мэриядан билдиришкендей, жаңы жылдык иш-чараларды өткөрүүгө жалпысынан 100 миң сом каралган. Анын ичине балатыны кооздоо, жаңы жылдык көрнөк-жарнактарды илүү жана майрамдык концерт боло турчу сахнаны жасалгалоо кирген.

© Диля ПарпиеваБаткен шаарынын жаңы жылдык балатысы
Новогодние елки регионов - Sputnik Кыргызстан
Баткен шаарынын жаңы жылдык балатысы

Балыкчы шаары

Балыкчы шаарына быйыл 10,5 метрлик балаты коюлду. Мэриянын маалыматы боюнча шаарды жаңы жылга карата кооздоого жалпысынан 106 миң сом которулган. Бул каражаттын ичине шаардын башкы балатысын шөкөттөө, административдик имараттарды кооздоо да кирет. Балаты 25-декабрда күйгүзүлөт.

© Азамат АйтбаевБалыкчы шаарынын жаңы жылдык балатысы
Новогодние елки регионов - Sputnik Кыргызстан
Балыкчы шаарынын жаңы жылдык балатысы

Бишкек шаары

Борбор калаага бийиктиги 25 метр болгон жасалма балаты коюлду. Аны Кытайдан белек кылганын мэриядан билдиришкен. Өлкөнүн негизги балатысын кооздоо үчүн 475 миң сомго оюнчуктар алынган. Ал эми майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө жана шаарды кооздоого кеткен каражаттар учурда такталып жатканын билдиришти. Борбор шаарда ири беш балаты орнотулду.

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын жаңы жылдык балатысы
Установка главной елки страны на площади Ала-Тоо - Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаарынын жаңы жылдык балатысы

Эгер өлкө аймагындагы балатылардын бийиктигине карап рейтинг түзө турган болсок, биринчи орунда Ош шаары (29 метр), андан кийин Бишкек (25 метр) жана үчүнчү орунда 20 метр бийиктиктеги балатысы менен Нарын шаары турат. Андан кийинки орундар Каракол (19 метр), Жалал-Абад (18 метр), Токмок (13 метр), Талас (12 метр), Балыкчы (10,5) жана Баткен (10 метр) шаарларына тийди.

Жаңылыктар түрмөгү
0