БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Кыргызстанда ветеринардык кызматкерлердин адистигин жогорулатуу менен алардын ишин жөнгө салуучу Ветеринардык палата түзүү демилгеленүүдө. Бул тууралуу аталган мекеме директору Калысбек Жумаканов премьер-министр Темир Сариевдин кабыл алуусу учурунда билдирди.
Жолугушууда Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жаңыдан дайындалган директору Калысбек Жумаканов инспекциянын ишин жакшыртуу боюнча пландары тууралуу айтып берди.
Анын маалыматына ылайык, мамлекеттик инспекция жер-жерлердеги ветеринардык кызматкерлердин адистик деңгээлин көтөрүү менен алардын ишин жөнгө салуучу Ветеринардык палата түзүүнү демилгелөөдө. Ошондой эле тамак-аш коопсуздугун сактоого көзөмөлдү күчөтүү каралууда.
Сариев алдыга коюлган пландарды кыска аралыкта жана сапатуу ишке ашыруу тапшырмасын берди.