Кыргызстанда илим күнү белгиленет

© Sputnik / Мамадалиев / Медиабанкка өтүүБишкектеги илим академиясынын имараты. Архив
Бишкектеги илим академиясынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Илим күнү Кыргызстанда 2002-жылдан тарта белгиленип, туруктуу коомду түзүүдө илимдин жана илимпоздордун ролуна зор маани берүү максатын көздөйт.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Улуттук илимдер академиясында (УИА) Илим күнү белгилене турганын аталган мекеме билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-ноябрь күнү Илимдер академиясынын чоң залында салтанаттуу чогулуш өтүп, академик Абдыганы Эркебаев "Глобалдашуу шартындагы илимдин ролу" тууралуу баяндама жасайт.

Академик Азиз Салиевдин 90 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өттү
Иш-чаранын алкагында УИА башкы имаратында окумуштуулардын илимий жетишкендиктеринин көргөзмөсү өтүүдө. Көргөзмөгө академиянын илимий-изилдөөчү институттарынын негизги илимий жетишкендиктерин айгинелеген илимий иштелмелердин булактары коюлган.

Өндүрүш менен тыгыз байланышуунун жыйынтыгында мамлекеттин реалдуу экономикалык тармагына өткөн жылдын отчеттук аралыгында 55 иштелме киргизилген. УИА окумуштуулары тарабынан 23 техникалык чечим патенттелип, 12 ойлоп табуу патент алынган. 

Илимий жетишкендиктин көргөзмөсүндө сунушталган жыйынтыктардын негизги керектөөчүлөрү Өкмөт, ӨКМ, тоо-кен казып алуу тармагы, Кыргызстандын чакан жана орто жеке бизнеси болуп эсептелет. 

Чогулушта илим күнүнө карата Академиялык наамдар жана грамоталар тапшырылат. 

Илим күнү Кыргызстанда 2002-жылдан тарта белгиленип, туруктуу коомду түзүүдө илимдин жана илимпоздордун ролуна зор маани берүү максатын көздөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0