Парламенттик шайлоо өткөрүү үчүн БШКга 216 млн. сом бөлүндү

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүШайлоо участкасын даярдоо. Архив
Шайлоо участкасын даярдоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын 4-октябрына белгиленген парламенттик шайлоону өткөрүүгө бюджеттен 224 миллион сом каралган.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Парламенттик шайлоо өткөрүү үчүн август айында Борбордук шайлоо комиссиясына 216 миллион сом бөлүп берилгенин Каржы министрлиги билдирди.

Парламенттик шайлоого көз салуу үчүн ЕККУнун 350 байкоочусу келет
Маалыматка ылайык, аталган сумманын басымдуу бөлүгү — 65,5 миллион сом БШК кызматкерлеринин маянасына жумшалат. Керектүү товарларды сатып алууга жана кызмат көрсөтүүлөргө 86,6 миллион сом жумшалса, чарбалык максаттарга 26,7 миллион сом каралган.

Мындан тышкары, иш сапарларга 5,7 миллион сом, байланыш кызматына 5,9 миллион, унаа чыгымдарына 7,3 миллион жана ижара акысына 6,5 миллион сом сарпталат.

Үстүбүздөгү жылдын 4-октябрына белгиленген парламенттик шайлоону өткөрүүгө бюджеттен 224 миллион сом каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0