Күйдүргү дартына шектелгендердин абалы дурус

Жазылуу
Шектелген жарандардын анализдери 2-3 күндөн кийин дайын болот

БИШКЕК, 10-июль — Sputnik. Аксы районунун ооруканасына күйдүргү дартына шектелип жаткырылгандардын абалы жакшы экенин Sputnik сайтына ооруканадан билдиришти.

Учения по профилактике свиного гриппа прошли на свиноводческом комплексе в Татарстане - Sputnik Кыргызстан
Аксы районунун сегиз тургуну күйдүргү дартына шектелүүдө
Аксы районунун сегиз тургуну 8-июлда күйдүргү дартына шектелип, аймактык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылган.

Алар ооруган жылкы менен уйду союшкан. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдагандай, малдын эти элге таратылган.

Шектелген жарандардын анализдери 2-3 күндөн кийин чыгарын ооруканадан кошумчалашты.

"Анализдери чыккандан кийин гана алардын күйдүргү дартына чалдыкка-чалдыкпаганы анык болот", — деп ооруканадан билдиришти.

Учурда алардын абалдары жакшы, керектүү дары-дармектерди алып жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0