Ак-Талаа районунун Жаңы-Тилек айылынан кутурма чыгып, карантин киргизилди

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүАк-Талаа районунун Жаңы-Тилек айылынан кутурма чыгып, карантин киргизилди
Ак-Талаа районунун Жаңы-Тилек айылынан кутурма чыгып, карантин киргизилди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ак-Талаа районунун Жаңы-Тилек айылында мал тиштеген түлкүдөн кутурма дарты табылды. Анын денеси ветеринардык эреже менен жок кылынды.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Жаңы-Тилек айылында малды тиштеген түлкүдөн кутурма дарты аныкталып, карантин киргизилгенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Мал айдоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ат-Башы районунда кутурма дартына каршы эмдөө жүргүзүлүүдө
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Тилек айылында жергиликтүү тургундардын бир музоосун жана коюн 9-апрелде түлкү иштеп, арткы буттарына жаракат алган. Түлкү өлтүрүлүп, анын башы 10-апрелде Бишкек шаарындагы Республикалык мамлекеттик ветеринардык дарт аныктоо жана эскпертизациялоо борборуна кутурмага текшерүү үчүн жөнөтүлгөн. Экспертизанын жыйынтыгы 13-апрелде чыгып, түлкүнүн баш мээсинен кутурма оорусун козгогучу аныкталган.

Оорунун үй жандыктары арасында жайылбоосу үчүн Жаңы-Тилек айылындагы иттерди каттоого алып, айыл аймагы боюнча кутурма оорусуна каршы 92 ит алдын ала эмдөөлөрдөн өткөрүлдү. 

Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын буйругу менен Ак-Чий айыл аймагына Кутурма ылаңына каршы карантин киргизилди. Иликтеп байкоонун негизинде жугуштуу оорунун жайылуу белгилери жок экендигин билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0