Парламенттик шайлоо 4-октябрда болушу ыктымал

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүПарламенттик шайлоо 4-октябрда болушу ыктымал
Парламенттик шайлоо 4-октябрда болушу ыктымал - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Жогорку Кеңешке шайлоо жөнүндөгү" мыйзамга ылайык, акыркы чакырылыштагы парламенттин конституциялык мөөнөтү бүткөн айдын биринчи жекшембисинде кайтадан шайлоо өтүшү керек.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңешке болгон шайлоо 2015-жылдын 4-октябрында болуп калышы ыктымалдыгын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Ишенбай Кадырбеков Sputnik сайтынын кабарчысына билдирди.

Быйыл күзүндө VI чакырылыштагы парламентке шайлоо өтөт. Бирок, шайлоо өтчү так күндү президент да, парламент да жана БШК дагы расмий билдире элек.

Кадырбековдун айтымында, шайлоо күнү акыркы өткөн шайлоо күнүн эсептөө аркылуу аныкталат.

"Акыркы шайлоо 2010-жылдын 10-октябрында өткөн. Демек, мыйзамга ылайык, кийинки шайлоо учурдагы парламенттин конституциялык укугу аяктаган айдын биринчи жекшембисинде өтүшү керек. Календарга ылайык, бул күн 2015-жылдын 4-октябрына туура келет", — деди ал.

Кадырбеков ошондой эле, V чакырылыштын депутаттары жаңы депутаттар шайланып, ант берип, ишке расмий киргенге чейин өзүнүн милдеттерин аткара турганын кошумчалады.

"Башкача айтканда, 30-июнда эл өкүлдөрү сессияны жабат. 1-сентябрда жумушка чыгып, өз милдетин шайлоолор өтүп, Борбордук шайлоо комиссиясы расмий жыйынтыкты чыгарганга чейин аткарат", — деди Кадырбеков.

Шайлоо болуучу күндү аныктоо боюнча БШКнын жыйыны июль айынын аягында, августтун башында болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0