Мамытов: биргелешкен ишкана түзүлсө киреше алда канча көбөйөт

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүЗолотоносный рудник Кумтор
Золотоносный рудник Кумтор - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кумтөр" долбоорунун ишине байланышкан ЖКнын токтомдору боюнча маселе каралып, анда "Кыргызалтын" жетекчиси маалымат берип, биргелешкен ишкана түзүү процессин тезирээк аягына чыгаруу зарылдыгын айтты.

Кумтөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мамытов: Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө Centerra юристтери келди
БИШКЕК, 26-фев — Sputnik. "Centerra Gold Inc. менен 50-50% үлүштө биргелешкен ишкана түзүлсө, КРге акча агымы алда канча көбөйөт. Түшкөн пайданын 50 пайызына кошумча, дүң кирешеден 13 пайыздык салык, андан сырткары 1 пайыз Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна чегерилет. Ал эми башка кыйыр төлөмдөр өзүнчө жасалат", — деди "Кыргызалтын" ААКтын төрагасы Токон Мамытов депутаттар алдында сүйлөп жатып.

"Кыргызалтын" жетекчисинин айтымында, Centerra Gold Inc. менен түзүлө турган биргелешкен Кыргызстандын аймагында катталып, КРнын мыйзамдары менен иштейт. 

"Алдын ала келишимдер боюнча 6 директорлор кеңешинин үчөө Канада, ал эми үчөө Кыргызстан тараптан болот. Ал эми жетекчилик позиция боюнча, бир орун басары Кыргызстан тараптан болуп, кийинчерээк экинчи орун басарлык да бизге өтөт. Ал эми түшө турган акчанын агымы алда канча көбөйөт", — деди Мамытов. 

Кыргызстан эң ири акционер болсо да директорлордун кеңешинин Centerra Gold Inc. компаниясынын Кумтөр кени боюнча чечимдерине эч кандай таасир эте албай келгендиги маалым. 

Мындай абалдан улам практикада сейрек кездешкен биргелешкен ишкананын түзүү зарылчылыгы келип чыкты. Башкы фактор — КР мыйзамдары менен иштеши керек жана мындай ишкана Кыргызстан тарапка негизги экономикалык жана өндүрүштүк жана жаратылыштык сактоо боюнча чечимдерди кабыл алууда, сатып алуулар боюнча ачыктыкты камсыздоого, натыйжалуулукту камсыз кылууда, өндүрүрүлүп, сатылган алтындан жарым кирешени алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул орто эсеп менен болжол менен 60дан 120 миллион долларга чейинки көрсөткүч", — деп маалымдады Мамытов.

Мамытов: "Кумтөр" боюнча жагдай парламентте талкууланат
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, эксперттик АМЕК тобунун иликтөөлөрүнөн кийин Канада тарапка экология боюнча трасттык фонддогу азыркы — 17 млн. долларды көбөйтүп, аны 69 миллион долларга жеткирүү талабы да коюлган. Бул биргелешкен ишкана түзүлгөнгө чейинки аткарыла турган иштерге кирет. 

2014-жылдын 6-февралында Жогорку Кеңеш өкмөт менен Centerra Gold Inc. компаниясынын ортосундагы бекитилген макулдашууну жактырган. Министрлер кабинетинен "Кыргызалтындын" үлүшүнүн реструктуризацияланышы боюнча жаңы макулдашуу 2009-жылдагы макулдашууга негиз катары алынат. "Кумтөр" кенин иштетүүнүн жаңы шарттар боюнча "Кыргызалтын" жана Gold Inc. бирдей үлүштөгү биргелешкен ишкана түзүлөт. Учурда кен боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0