Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы жолдордо кар көчкү жүрүү коркунучу жогору

© Sputnik / Владимир Иванов / Медиабанкка өтүүСотрудники коммунальных служб проводят расчистку дорожного полотна. Архивное фото.
Сотрудники коммунальных служб проводят расчистку дорожного полотна. Архивное фото. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
20-февралга чейин жаай турчу кардан улам, бийик тоолуу жерлердеги автоунаа жолдоруна кар көчкү түшүү коркунучу жогору болууда.

Зона таможенного контроля в Киргизии - Sputnik Кыргызстан
Бишкек – Нарын – Торугарт жолу эки күнгө жабылат
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. 20-февралга чейин жаай турчу карга байланыштуу өлкөнүн тоолуу аймактарындагы автоунаа жолдоруна кар көчкүсү түшүү коркунучу жогору экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек – Ош жолунда, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука – Каныш-Кыя, Казарман – Акталчат жолунда жана Ош облусундагы Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолунда кар көчкү түшүү ыктымалдуулугу жогору.

Ошондой эле, Ысык-Көл облусунун Каракол – Эңгилчек унаа жолунун 45-90- чакырымдарында кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңгондуктан, айдоочуларды автоунаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сакташы эскертилет.

19-20-февраль күндөрү Бишкек – Нарын – Торугарт жолу да жабылып, адамдардын коопсуздугуна коркунуч жараткан жардын бөлүгү кулатылып, тазаланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0